"Манас" аэропортунун парковкасында жигит бир кызды күч колдонуп машинесине салып кетти
RU

"Манас" аэропортунун парковкасында жигит бир кызды күч колдонуп машинесине салып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармакта жаш жигит бир кызды күч колдонуп машинесине салып кеткен видеосу тарап кетти. Милиция аларга издөө салды.

"Кечээ, түндө, "Манас" аэропорту. Болжол менен саат түнкү 1:40 - 1:50. "Хундай" унаасынын айдоочусу бир кызды каршылык көрсөткөнүнө карабастан машинесине салып кетти. Ал анын аялы эмес окшойт. Кыз аны тааныбайм, деп кыйкырып жатты", - деп ertaisfr'дин Instagram аккаунтуна жазылган.

Чүй облусунун ИИББси маалымат келип түшөөрү менен дароо окуя болгон жерге Сокулук районунун ИИБсинин кызматкерлери жөнөтүлгөн, деп маалымдашты.

"Текшерүү башталып, инциденттин катышуучуларынын өздүгүн аныктоо боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жатат", - деп милициядан билдиришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1304