Кыргызстан аркылуу Кытайга сайгактын мүйүздөрүн ташыгандар кармалды
RU

Кыргызстан аркылуу Кытайга сайгактын мүйүздөрүн ташыгандар кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан аркылуу Кытайга сайгактын мүйүздөрүн контрабандалык жол менен ташуу ишине бөгөт коюлду. УКМКнын маалыматында алынган мүйүздөрдүн салмагы 160 килограммды түзөрү айтылат.

Такталгандай, аткезчиликке каршы иш-чаранын жүрүшүндө жоголуп кетүү коркунучунда турган сайгак мүйүздөрү (845 даана) алынган. Мүйүздөр Казакстандан Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз киргизилип, Кытайга контрабандалык жол менен ташылып жатканы аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынан жана Жаратылыш ресурстар министрлигинен чакырылган эксперттер менен Кыргыз Республикасынын экология жана техникалык көзөмөлү кылдат экспертизанын жыйынтыгында мүйүздөр "Сайга татарика" (сайга) мүйүздөрүнө таандык экенин тастыктаган.

Маалымат иретинде: Өткөн кылымда сайгактар дээрлик толугу менен жок кылынган жана азыр эл аралык Кызыл китепке "Жок болуу алдында турган түрлөр" статусу менен киргизилген. Азыр сайгактар Казакстанда, Батыш Монголияда, Өзбекстанда жана Россияда (Астрахан облусу жана Калмакия) жашайт.

УКМК тарабынан зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сайгактын мүйүздөрүн мыйзамсыз ташууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Коопсуздук комитети жаныбарларга, анын ичинде эл аралык Кызыл китепке кирген жаныбарларга аңчылык кылуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жана административдик жоопкерчиликке тартууга алып келерин эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13051