Кыргызстан Россиядан МИ-17 тик учагын сатып алды
RU

Кыргызстан Россиядан МИ-17 тик учагын сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан Россиядан МИ-17 тик учагын сатып алды. Коргоо министрлигинен кабарлашкандай, бүгүн, 23-июнда Коргоо министрлиги менен Россия Федерациясынын "Рособронэкспорт" АКнун ортосундагы түзүлгөн контракттын негизинде тик учакты өткөрүп берүү аземи болду.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын коргоо министри Б. Бекболотов, "Рособронэкспорттун" Казань тик учак заводунун өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Министр Бекболотов көп максаттуу Ми-17 тик учагы Куралдуу Күчтөрүнүн алдына коюлган тапшырмаларды аткарууда мүмкүнчүлүктөрдү жогоруларын белгиледи.

Учуучу техника Кыргыз Республикасына Ил-76 учагы менен жеткирилип, Казань тик учак заводунун өкүлдөрү тарабынан чогултулуп, учкуч-сыноочулар учууларды өткөрүшкөн.

Аталган техниканы сатып алуу үчүн акча каражаты республикалык бюджеттен бөлүнгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13057