Алып баруучу Максат Довранов кесиптешине үйлөндү
RU

Алып баруучу Максат Довранов кесиптешине үйлөндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алып баруучу Максат Довранов кесиптеши Алтынай Манасбековага үйлөндү. Алтынай айымдын кыз узатуу тою 25-июнда өттү.

Бүгүн, 26-июнда түгөйлөрдүн үлпөт тою белгиленет.

Максат Довранов учурда УТРКнын "Музыка" телеканалында алып баруучу болуп эмгектенет. Жубайы 20 жаштагы Алтынай Манасбекова да аталган каналда иштейт.

Эске салсак, Максат Довранов 2017-жылы ноябрда ырчы Сайкал Садыбакасова менен үй-бүлө куруп, 2019-жылы түгөйлөр ажырашкандарын ачыкташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13058