Куудул Борончу Кудайбергенов Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси болгон
RU

Куудул Борончу Кудайбергенов Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Куудул Борончу Кудайбергенов Чүй облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн кеңешчиси болуп дайындалганы бүгүн, 15-апрелде белгилүү болду.

Бүгүн, Пригородный айылында кредит алган зайымчылар айыл өкмөтүнүн имаратын басып алып, өздөрүн өрттөйбүз, деп коркутушкан. Алар менен сүйлөшүүгө вице-премьер-министр Улукбек Кармышаков, Чүй облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев жана башка бийлик өкүлдөрү келишкен. Чиновниктердин арасында атактуу куудул Борончу Кудайбергенов да бар болчу.

Редакцияга түшүндүрүп беришкендей, артист Тентишевдин кеңешчиси болуп иштейт.

Борончу Кудайбергенов 2011-жылы "Кыргызстан эл биримдиги" коомдук бирикмесинин атынан өзүнүн талапкерлигин президенттикке койгон.

Эркин Тентишев ушул жылдын март айында Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1305