Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган ишкерлердин насыялары кечирилди
RU

Баткендеги чек ара чырынан жабыркаган ишкерлердин насыялары кечирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 28-30-апрелиндеги кыргыз-тажик чек ара чырында жабыркаган баткендик ишкерлерге берилген бюджеттик насыялар жоюлду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга, 23-июнда президент Садыр Жапаров кол койду. Мындай чара ишкерлерди колдоо максатында көрүлдү.

Жоюлган кредиттин суммасы 15 миллион сомду түздү.

Мыйзамда чыр-чатактын кесепетинен жабыр тарткан Баткен облусунун ишкердик субъектилеринин бюджеттик кредиттер боюнча берилген карыздары, анын ичинде бул мыйзам күчүнө кирген учурга карата болгон карыздын негизги суммасын, пайдалангандыгы үчүн пайыздарды жана финансылык санкцияларды эсептен чыгаруу да каралган.

2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан 36 кыргызстандык курман болгон. Үйлөр, дүкөндөр, дарыканалар жана башка объектилер жабыркаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13065