Элчилик Россиядагы кырдаалдан улам кыргызстандыктарга кайрылды
RU

Элчилик Россиядагы кырдаалдан улам кыргызстандыктарга кайрылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Украина менен чектеш аймактарындагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Россиядагы элчилиги кыргызстандыктарды бул аймактарга баруудан карманууну өтүнөт. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылат.

Аталган аймактарда жашаган жарандарды зарыл болгон коопсуздук чараларын сактоого жана зарыл болгон учурда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине дароо кайрылууга чакырабыз. Элчиликтин ишеним телефондору: +7 925 115 50 47, +7 925 285 50 47.

Кечээ, 23-июнда кечинде ЧВК "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялады (министрлик өзү муну четке каккан). Ал соккудан улам көптөгөн жалданма аскерлер каза болду" деп, буга ал орус армиясынын жетекчилигин айыптаган. Ошондон кийин Пригожин "адилеттүүлүк маршын" баштоону убада кылып, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш коркунучу катары кабыл алган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13068