Кыргыз волейболчулары непалдык атаандаштарын жеңди
RU

Кыргыз волейболчулары непалдык атаандаштарын жеңди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын волейбол боюнча жаштар курама командасы Непалдын командасын жеңди. Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, турнир 23-июнь күнү Чолпон-Ата шаарында өттү.

Волейбол боюнча эркектер арасында CAVA Улуттук лигасынын бешинчи күнү оюн талаасында Кыргызстандын жаштар курама командасы Непалдын командасын 3:2 эсебинде жеңди. Ал эми Ирандын командасына 3:1 эсебинде жеңилди.

Мындан сырткары Өзбекстан жана Монголиянын курама командалары беттешип, Монголиянын командасы 3:2 эсебинде жеңишке жетишти.

Белгилей кетсек, мелдешке 6 мамлекеттин (Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Иран, Монголия жана Непал) курама командалары катышууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13070