Путин куралдуу көтөрүлүш жасоого аракет кылгандарды жазалоого буйрук берди
RU

Путин куралдуу көтөрүлүш жасоого аракет кылгандарды жазалоого буйрук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы көтөрүлүш боюнча өлкө лидери Владимир Путин элге кайрылуу жасады. Ал болуп жаткан окуяларга "сырткы күчтөр жана ички чыккынчылар жоопкер" деди.

"Биз кабылган нерсе - чыккынчылык. Ашыкча амбициялар жана жеке кызыкчылыктар чыккынчылыкка алып келди. Мекенибизге, элибизге чыккынчылык кылып, бир катар бөлүктөрүбүздүн жоокерлери менен катарлаш согушуп, курман болгон "вагнерчилердин" атын, атагын сатып кетишти", - деди Путин.

Россия лидери бардык күнөөлүүлөрдү жазалоону убада кылды.

"Атайылап чыккынчылык жолуна түшкөн, куралдуу козголоңду даярдаган, шантаж жана террордук ыкмалар жолуна түшкөн ар бир адам сөзсүз жазага тартылат, мыйзам алдында да, биздин элдин, мамлекеттин алдында да жооп берет.

Куралдуу күчтөр жана башка мамлекеттик органдар зарыл буйруктарды алышты... Аскердик козголоңду уюштургандар жана даярдагандар, курал кармаган жолдошторуна каршы курал көтөргөндөр Россияга чыккынчылык кылышты. Бул үчүн алар жооп беришет", - дейт.

Орус президенти кайрылуусунда бир да жолу Пригожиндин ысымын атаган жок.

Учурда Москвада, Москва облусунда жана башка аймактарда кошумча антитеррордук чаралар көрүлүп жатканын, Ростов-на-Донудагы абалды турукташтыруу үчүн да чечкиндүү аракеттер көрүлгөнү менен ал жерде жарандык жана аскердик бийликтердин иши чындап эле бөгөттөлгөнүн белгиледи.

Кечээ, 23-июнда ЧВК "Вагнердин" негиздөөчүсү Евгений Пригожин коргоо министри Сергей Шойгу уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялады (министрлик өзү муну четке каккан). Ал соккудан улам көптөгөн жалданма аскерлер каза болду" деп, буга ал орус армиясынын жетекчилигин айыптаган. Ошондон кийин Пригожин "адилеттүүлүк маршын" баштоону убада кылып, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш коркунучу катары кабыл алган.

Башкы беттеги сүрөт: meduza.io.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13071