Кыргыз мушкери Немат Абдрашитов BRAVE CF уюмунун чемпиону болду. Видео
RU

Кыргыз мушкери Немат Абдрашитов BRAVE CF уюмунун чемпиону болду. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз мушкери Немат Абдрашитов жеңил салмактагы дүйнө чемпиону болду. Маалым болгондой, беттеш 24-июнга караган түнү Бахрейнде өттү.

Немат Абрашитов BRAVE CF уюмунун учурдагы чемпиону Роман Богатов менен беттешти. Алардын кармашы беш раундга созулуп, калыстардын чечими менен жеңиш кыргызстандык мшукерге ыйгарылды.

Муну менен Немат Абдрашитовал BRAVE CF уюмунун чемпиону болуп, Абдисалам Кубанычбек уулунан кийинки дүйнө чемпиону болгон экинчи кыргызстандык болду.

BRAVE Combat Federation - Бахрейндеги аралаш мушташ өнөрү боюнча уюм. Уюм 2016-жылдын 23-сентябрында шейх Халид бин Хамад Аль Халифа тарабынан түзүлгөн. BRAVE Combat Federation беш континенттеги 80ден ашуун өлкөнүн аралаш мушташ чеберлерин бириктирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13072