Кыргызстандын банктарында рублдун курсу кескин төмөндөдү. Улуттук банктын түшүндүрмөсү
RU

Кыргызстандын банктарында рублдун курсу кескин төмөндөдү. Улуттук банктын түшүндүрмөсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 24-июнда түштөн кийин Бишкектин Совет/Москва көчөлөрүндөгү акча алмаштыруучу жайларда рублдун сомго карата курсу төмөндөдү. Ушундай эле абал Кыргызстандын банктарында да байкалганын Улуттук банк билдирди.

"Россия Федерациясындагы акыркы окуялардан улам рублдун курсу олуттуу төмөндөп, мурунку 1,01 деңгээлинен 0,861ге жетти. Рублдун (сатып алуу) курсу 1 сомдон төмөн түшкөнү Кыргызстандын көпчүлүк банктарында байкалды.

Кыргызстандын банктарында орус рублунун орточо курсу 0,93 сомду (сатып алуу), 1,05 сомду (сатуу) түзүүдө. Жума күнү рублду сатып алуу 1,02-1,03 сомду, сатуу 1,045-1,07 сомду түзгөн", - деп айтылат Улуттук банктын билдирүүсүндө.

Рублдун баасынын арзандашын Улуттук банк Россиядагы куралдуу козголоң аракетине жана андан кийинки окуяларга байланыштырды.

"Бул окуялар экономикага олуттуу таасирин тийгизип, рублдун курсунун төмөндөшүнө алып келди. Эксперттер кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү, региондук жана дүйнөлүк экономика үчүн мүмкүн болуучу кесепеттерге баа берүүнү улантууда", - дешти банктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13074