"Абал кыйын". Дүйшөмбү - 26-июнь Москвада иш күн эмес деп жарыяланды
RU

"Абал кыйын". Дүйшөмбү - 26-июнь Москвада иш күн эмес деп жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы акыркы кырдаалдан улам Москванын мэри Собянин 26-июнду иш күн эмес деп жарыялады. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазышты.

Анда Москвада терроризмге каршы операция режими жарыяланганы, абал кыйын экени айтылат.

"Москвада антитеррордук операция режими жарыяланды. Абал кыйын. Тобокелдиктерди минималдаштыруу максатында, мен оперативдүү штабдын алкагында дүйшөмбүнү жумуш күн эмес деп жарыялоону чечтим - үзгүлтүксүз циклдеги бийлик органдарын жана ишканаларын, аскердик-өнөр жай комплексин жана шаардык кызматтарды кошпогондо.

Мүмкүн болушунча шаарды кыдыруудан баш тартууңуздарды суранам. Белгилүү кварталдарда жана айрым жолдордо кыймыл жабылышы мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар жана инциденттер жөнүндө 112ге өз убагында кабарлоого чакырам. Шаардык кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат". -деп айтылат билдирүүдө.

  • Эске салсак, кечээ, 23-июнда, кечинде "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган(министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракетинин коркунучу катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгоду.
  • Андан соң Пригожин Ростов-на-дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирди.
  • Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атады.
  • Пригожиндин Ростов-на-дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалады.
  • Учурда Россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттарды бөгөттөп жатат.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13076