"Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев: Шаарды сүйбөгөн жарандарыбыз көп экен. Маек
RU

"Тазалыктын" жетекчиси Рамиз Алиев: Шаарды сүйбөгөн жарандарыбыз көп экен. Маек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда кыргыз тилинде сүйлөп бир таанылып, таштанды менен күрөшүүдө дагы өзгөчө элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиев kaktus.kg редакциясына бул кызматка кантип келип калганы, шаардагы таштанды көйгөйү жана алдыңкы планы тууралуу маек курду.

- Саламатсызбы, Рамиз мырза? Сиз буга чейин Каржы полициясында иштегениңизди билебиз. Андан соң "Локомотив" спорт комплексин жетектедиңиз. Эми "Тазалыкка" келип калдыңыз. Бир жээктен экинчи жээкке кантип келип калдыңыз?

- Саламатсызбы! Көрсө тагдыр ушундай турбайбы (күлүп). Мен алгач Салык кызматында иштеп баштагам. Ал жерде эки жыл жүрдүм. Андан кийин 2012-жылы Каржы полициясына атайын жана ыйгарым укуктуу кызматкери болуп жумушка орноштум. Бирок Каржы полициясы мындан үч жыл мурун жоюлуп кеткенине байланыштуу иштебей калдым. Андан кийин "Локомотив" спорт комплексин жетектедим. Кийин Темир жол кызматында бир башкармалыктын башчысы болдум. Эми минтип "Тазалыкты" жетектеп жатам. Тагдыр экен. Ушундай буюруптур.

- Эмне үчүн "Тазалык"? Балким биздин шаардагы таштанды көйгөйү сизди ойлонтуп жүрөбү? Эмне максат менен келдиңиз?

- Сөздүн ачыгы мага бул суроо кыйын болуп турат. Аны мен ачык билбейм. Жетекчилерден сураш керек. "Эмнеге мени жетекчилер "Тазалык" кызматына директор кылып дайындады?". Бул суроону мэрге берсеңиз жооп берет го дейм. Анткени, мен мэрдин чечими менен келдим.

- Демек бул сиздин өз каалооңуз болгон эмес?

- Андай атсак да туура эмес болуп калат. Бирок негизги чечим мэрдики болду да. Мага ушундай сунуш түштү. Айтты: кел, иште.

Бирок менин оюмча бир эле себеп болду. Анткени, буга чейин "Тазалык" коррупцияга аралашканы тууралуу көп маалымат тараган. Балким, ошол маселени жоюш үчүн мэр мени бул жакка жиберди. Себеби, мен укук коргоо кызматында иштедим да. Менин бул жөн эле божомолум. Ачыгын билбейм. Бирок азыр мен "Тазалыктын" жетекчиси болгонума сыймыктанам.

- Сиздин "Тазалыктын" жетекчиси болгонуңузга жарым жылдай болуп калды. Бул аралыкта сиз "Тазалыкты" канчалык билип үйрөндүңүз? Балким, сиз буга чейин билбеген, көзгө көрүнбөгөн иштери бардыр?

- Сөзсүз. Көп нерселер мага жаңылык болду. Мисалы, мен буга чейин "Тазалыктын" кандай көйгөй, маселелери бар билчү эмесмин. Көрсө "Тазалыктын" маселеси көп экен. Ал каражат, техника жана тилекке каршы кээде эл жагынан маселе жаралат. Кээ бир жарандарыбыз ар кайсы жерлерге таштандыларды таштап жатат. Андай да факттар бар экен. Мунун бары мага жаңылык болду да.

Мурун мен өзүм да таштанды маселесине көңүл бурчу эмес экенмин. Азыр ар бир таштанды тууралуу күнү-түнү видеороликтерди карап, эл аралык тажрыйбаларды карап, элге да эскертүүлөрдү берип жатабыз. Тазалык мага жаңы маданият болду.

- Сиз айтып жаткан "маданиятты" коомчулук кандай кабыл алып жатат? Маселен: эл азыр сиздин кыргызча сүйлөгөнүңүзгө бир суктанса, таштанды таштаган жарандардын видеолорун таап алып, аларды издеп жатканыңызга баа беришүүдө. "Тазалыкка" мурунку ишиңиздин пайдасы тийип жатат окшойт?

- Эмесе, биринчи тил жөнүндө айтып кетейин: 2012-жылы мени Каржы полициясынын жетекчиси Нарынга жиберди. Сөздүн ачыгы мен Нарынга барганда алгач ашып кетсе 5-6 эле сөз билчүмүн. Эми Теңир-Тоолук жердештериме рахмат айткым келет. Азыркы сүйлөгөн деңгээлим - ошол Нарындыктардын эмгеги. Нарындыктар үйрөттү. Азыр кыргыз тили мага чоң жардам берип жатат. Ооба, мактап, жакшы сөздөрүн айтып жатышат. Мен дагы кыргыз тилин билгениме сыймыктанам.

Бирок мен нукура кыргызча сүйлөгөнгө тажрыйбам дагы, сөздүгүм да жетпейт. Мен кыргыз тилин дагы да үйрөнө берем.

Маектин уландысы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13095