"Мастер-класс көрсөттүк". "Вагнердин" негиздөөчүсү көтөрүлүштөн кийинки билдирүүсүн жасады
RU

"Мастер-класс көрсөттүк". "Вагнердин" негиздөөчүсү көтөрүлүштөн кийинки билдирүүсүн жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиядагы "Вагнер" жеке аскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожин көтөрүлүштөн кийинки биринчи билдирүүсүн жасады. Кыскача баяндаманы Meduza басылмасы жазып чыкты.

Пригожин, 24-июндагы окуялардын себептерин дагы бир жолу айтты.

"Интригалардын жана ойлонулбаган чечимдердин натыйжасында "Вагнер" 1-июлдан тарта ишин токтотушу керек болчу, көпчүлүк согушкерлер курал болуп каларын түшүнүп Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тартышкан. Коргоо министрлигине өтүүнү каалагандар болду, алар 1-2%. Биз 30-июнда чыгып, Түндүк аскер округунун штабынын жанында техникаларды тапшыралы дегенбиз. Биз эч кандай агрессияны көрсөткөн жокпуз, бирок бизге ракеталык чабуул жасалды, 30га жакын согушкер курман болду. Бул триггер болду – биз дароо кыймылга чыгууну чечтик. Мен агрессия көрсөтпөй турганыбызды, бирок алар бизге кол салса жооп беребиз деп айттым", - деген Пригожин билдирүүсүндө.

Пригожин ошондой эле Россиянын аскерий авиациясына сокку урулганына өкүнүчүн билдирди. "Бирок алар бомба ыргытышты. Биз жол боюндагы бардык аскердик объектилерди тосуп, зыянсыздандырдык. Коргоо министрлигинин биздин катарга өткөн эки жоокери каза болуп, аскерлерибиздин бир нечеси жаракат алышты. Акциянын максаты – "Вагнердин" жок болушуна жол бербөө жана аскердик коргонуу учурунда ушунча ката кетирген адамдарды жоопкерчиликке тартуу".

Биздин жүрүш өлкө боюнча олуттуу коопсуздук көйгөйлөрүн ачып берди: биз бардык аэродромдорду жана аскер бөлүктөрүн тосуп алдык. 24 сааттын ичинде биз орус аскерлеринин 2022-жылдын 24-февралында старт берген жеринен Киевге жана ошол эле пункттан Ужгородго чейинки аралыкка туура келген чакырымды басып өттүк. Эгерде атайын аскердик операциянын башталышында тапшырмаларды "Вагнердин" жалданма жоокерлериндей адамдар аткарса, балким, атайын операция бир суткага созулмак.

"Бир күндүн ичинде биз Москвага 200 чакырым гана жеткен жокпуз, Ростов шаарына кирип барып, көзөмөлгө алдык. Бизди көргөн карапайым калк кубанды. 2022-жылдын 24-февралы кандай болушу мүмкүндүгүн элестеткен мастер-класс көрсөттүк. Биз азыркы режимди жана мыйзамдуу шайланган бийликти кулатууну максат кылган эмес. Биз кан төкпөө үчүн артка бурулдук", - деп айтылат комментарийде.

*****

  • 23-июнда "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин Коргоо министри Сергей Шойгу өзү уруксат берген вагнерчилердин лагерлерине ракеталык соккулар жасалганын жарыялаган (министрлик өзү муну четке кагат). Ошондон кийин Пригожин "адилеттик маршын" баштоону убада кылган, муну көпчүлүк аскерий төңкөрүш аракетинин коркунучу катары кабыл алган. Мындан улам Россиянын Федералдык коопсуздук комитети "Вагнердин" башчысы Пригожинге кылмыш ишин козгогон.
  • Андан соң Пригожин Ростов-на-Дону шаарын алганын, Москвага бара турганын билдирген.
  • Россиянын президенти Пригожиндин аракетин "чыккынчылык" деп атаган.
  • Пригожиндин Ростов-на-Дону шаарын басып алганы тууралуу маалыматты уккандан кийин Путин "өлкөнү коргоо үчүн болгон аракетин жумшай турганын" убадалаган.
  • Көп өтпөй Россия бийлиги "Вагнерге" тийиштүү сайттарды бөгөттөй баштаган.
  • Ал ортодо Россия бийлиги Лукашенко менен кабарлашып, Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
  • Бул учурда Пригожин Москвага жакындап калганын билдирген. Бирок көп өтпөй Лукашенко менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин Пригожин артка чегингенин жарыялаган.
  • Ошол эле күнү кечинде РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков Пригожин Беларуска кетип, кылмыш иши токтотуларын билдирип, буга Россия президентинин сөзү кепил экенин да айткан.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13108