Кадамжайда 600дөй адамга жер тилкелери мыйзамсыз берилген
RU

Кадамжайда 600дөй адамга жер тилкелери мыйзамсыз берилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгиленгендей, буга чейин Кадамжай районундагы Айрыбаз айыл аймагында жер тилкелерин мыйзамсыз берүү фактысы боюнча 337-берене ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголгон.

Тактап айтканда, Айрыбаз а/а токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын 581 жаранына 95 га жер тилкеси бөлүнүп берилген. Ошол эле учурда аталган аймакта жашабаган адамдарга жер тилкесин берүү фактылары, ошондой эле айрым райондук деңгээлдеги кызмат адамдарынын туугандарына берилген фактылар тергөөнүн жүрүшүндө аныкталып, документтештирилген.

Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө Айрыбаз а/а башчысы К.Т., анын орун басары И.И. жана жер адиси А.А.га 337-беренесинде каралган кылмышты жасаган деген айып тагылып, ээлеген кызматтарынан четтетилишкен.

Учурда кылмыш ишин Баткен облусунун Кадамжай райондук соту карап жатат дешти коопсуздук комитеттен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13112