Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Баха Точка аттуу мүчөсү топтон баш тартты
RU

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун Баха Точка аттуу мүчөсү топтон баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Баха Точка каймана аттуу мүчөсү топтон баш тартты. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Коопсуздук комитети тарабынан өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ыкчам-издөө, анын ичинде профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралар өткөрүлдү.

Анын жүрүшүндө кылмыш чөйрөсүндө "Точка" деген ат менен белгилүү болгон М.Т.И. кылмыштуу аракеттерден жана көрсөтүлгөн чөйрөдөгү адамдар менен баарлашуудан баш тартты.

Ал ИИМдин маалымат базасында уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары каттоодо турган.

УКМК өлкөдө кылмыштуулуктун өсүшүнө каршы туруу боюнча тиешелүү иш-чаралардын комплексин, профилактикалык мүнөздөгү чараларды улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13114