Сот департаментинин адистери бюджеттен 4 млн сомдой акча чыгарып кеткенге шектелди
RU

Сот департаментинин адистери бюджеттен 4 млн сомдой акча чыгарып кеткенге шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Сотко караштуу Сот департаментинин тутумунун кызматкерлери коррупцияга шектелип кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, адистер курулуш компаниясы менен кылмыштуу бүтүмгө барганга айыпталууда.

26-июнда Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын техникалык көзөмөлдөө боюнча адиси К.Р.С. жана башкы адиси А.Д.К. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө алар өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдаланып, курулуш компаниянын өкүлдөрү менен сүйлөшүп, Майлуу-Суу шаардык сотунун административдик имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына туура келбеген подряддык иштер боюнча келишим түзгөнү аныкталды.

Комплекстүү текшерүүнүн жыйынтыгында аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы, курулуш нормалары жана коопсуздук эрежелеринин талаптары одоно бузулганы такталды.

Сот системасынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджеттен төрт миллион (курулуш иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо) сомго жакын каражат мыйзамсыз чыгарылган.

Учурда Сот департаментинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери К.Р.С. жана А.Д.К. УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13117