"Муктаждарга жардам берүүгө чакырам". Президент кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады
RU

"Муктаждарга жардам берүүгө чакырам". Президент кыргыз элин айт майрамы менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттин администрациясы жарыялады.

"Урматтуу мекендештер! Ардактуу мусулман бир туугандар!

Баарыңыздарды мусулманчылыктагы эң чоң эки майрамдын бири Курман айт майрамы менен чын ниетимден куттуктаймын!

Курмандык чалуу амалдары менен өзгөчөлөнгөн, элдин биримдигин бекемдөөгө себепчи болгон бул майрам мусулмандардын руханий казынасында өзгөчө орунду ээлейт. Курмандык – бул Жаратканга жакындоонун, анын буйрук-талаптарына моюн сунуп, напсиге азгырылбай, күйүмдүү болуунун белгиси. Анын маани-маңызы колунда бар жарандар менен муктаж болгондордун ортосунда көпүрө жаратып, алардын ортосунда мээримдүүлүк, боорукерлик сезимдерди жандантып, бири-бирине болгон сый-урматын бекемдөөдө жатат. Жоомарттык кылып, курмандык чалып, башка бир мекендешине майрам тартуулоо менен адамзатты ынтымакта, биримдикте, тынчтыкта жашоого үндөй турган өзгөчөлүккө ээ.

Мен дагы жалпы кыргыз жарандарын Курман айт майрамында муктаж адамдардын кубанычына себепчи болууга чакырып кетем.

Ислам дининин баалуулуктары кылымдарды карыткан улуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарына шайкеш келип, элибиздин руханий өнүгүүсүнө өбөлгө болууда.

Урматтуу момун мусулмандар! Бүгүнкү күндө Мекке шаарында ажылык парздарын аткарып жүргөн мекендештерибиздин ибадаттары кабыл болуп, аман-эсен кайтып келишин тилек кылалы.

Чалынган курмандыктарды Жараткан Алла кабыл кылсын.

Ар кыл этностордон жана конфессиялардан турган ырыскылуу Кыргыз элинин биримдиги чыңдалып, бата-тилектер кабыл болуп, Ата мекенибиздин өнүгүшүнө багытталган бардык ой-максаттарыбыз орундалсын.

Жараткан куттуу өлкөбүзгө бакубатчылык ыроолосун! Айт майрамыңыздар маарек болсун!", - деп айтылат куттуктоодо.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13124