3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү сунушталууда
RU

3 жашка чейинки балдарга жөлөк пул берүү сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары бийик тоолуу аймактарда, барууга кыйын болгон алыскы калктуу конуштарда жана өзгөчө статуска ээ чек ара аймактарында жашаган үч жашка чейинки балдарга ай сайын жөлөк пул берүүнү сунуштап жатат.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Докүменттин демилгечилери Марлен Маматалиев менен Камила Талиева.

Жөлөк пулдун суммасы кеминде беш миң сомдон болуп, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан бардык балдарга берилиши керек.

"Бийик тоолуу аймактарда мектептердин, дүкөндөрдүн жана медициналык мекемелердин алыстыгы, транспортко жана турак жайга болгон чыгымдардын өсүшүн шарттайт. Ошондой эле балдар оор климаттан улам ден соолуктун көйгөйлөрүнө, башка кызматтардын жетишсиздигине туш болушат", - деп айтылат документте.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13127