Милиция айт намазга тапанча алып барган жаранды кармады
RU

Милиция айт намазга тапанча алып барган жаранды кармады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-июнда Бишкектин эски аянтында айт намазы окулду. Анда 30 жаштагы даран тапанча алып барган деп кармалды.

Свердлов РИИБден билдиришкендей, милиция кызматкерлери тарабынан Э.А. аттуу жаран кармалды. Анын жанынан 13 мм калибрдеги газ-травматикалык тапанча табылган.

Бул факты каттоого алынып, жаран милиция бөлүмүнө жеткирилди.

Башкармалыктан билдиришкендей, 30 жаштагы жигиттин тапанчаны сактоого гана уруксаты бар экенин белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13130