Депутат: "Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну демилгелейм"
RU

Депутат: "Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну демилгелейм"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев (Садыр Жапаровдун кудасы) Сооронбай Жээнбековдон экс-президент макамын алуу боюнча мыйзам долбоорун демилгелей турганын билдирди. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" түз эфиринде билдирди.

Айтымында, Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик резиденцияда жашоосуна жана башкасына кеткен чыгымдарды эсептеп чыгууну тапшырган.

"Мамлекеттен өзү эле эмес, анын үй-бүлөсүнө, жакындарына да жеңилдик берилген, мен бул маселени парламентте көтөрүп, мыйзам долбоорун алып чыгып, президент Садыр Нургожоевичке кайрылып, бул адамдан экс-президент деген макамды алып салууга аракет кылам. Анткени ал бул статуска татыктуу эмес", - деген маекте.

Эске салсак, Кыргызстандын бешинчи президенти Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрь окуясынан улам мамлекетти башкаруудан кеткен. Андан кийин парламентте макамдан ажыратуу маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Экс-президент макамы Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада эле бар.

Мыйзамга ылайык, Кыргызстандын экс-президентине кылмыш жоопкерчилигине тартууга кол тийбестик статусу, мамлекеттик коопсуздук (толук өлчөмдө), акысыз медициналык тейлөө (экс-президенттин өзүнө да, анын жакындарына да), ошондой эле өмүр бою мамлекеттик дачалардын бирин, расмий адамдарды же делегацияларды тосуп алууда аэропорттордун, вокзалдардын залдарын, байланыш каражаттарын акысыз пайдалануу макамы берилет. Экс-президенттин ар-намысы жана кадыр-баркы мыйзам тарабынан корголот.

Пенсия курагына чейин президенттин айлык маянасынын 75% өлчөмүндө ай сайын өмүр бою жөлөк пул алууга укуктуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13131