Нарматова акча алмаштыруучу жайларга ККМ киргизүүнү сунуштоодо. Болбосо алар жабылат
RU

Нарматова акча алмаштыруучу жайларга ККМ киргизүүнү сунуштоодо. Болбосо алар жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Салык кодексине жана "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамга акча алмаштыруучу жайларга карата өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Өзгөртүүлөрдүн пакети коомдук талкууга коюлду.

Депутат акча алмаштыруу жайлары патенттин негизинде иштебеши керек жана ошол эле учурда акча алмаштыруучу жайларга контролдук-кассалык машиналар (ККМ) киргизилиши керек деп эсептейт. Ал ошондой эле аларды Улуттук банктын лицензиясы бар жана жөнгө салынуучу субъектилеринин тизмесинен чыгарууну сунуштоодо.

Негиздемеде Улуттук банкка отчётторду бербөө, туура эмес же толук бербөө, кассалык тартипти бузуу, каржылоого каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарын аткарбоо, алмашуу бюролорунун ишмердүүлүгүндөгү негизги мыйзам бузуулар экендиги белгиленген.

Надира Нарматова валюта алмаштыруу жайларында жүгүртүү каражаттарынын иш жүзүндөгү көлөмү билдирүүдө көрсөтүлгөндөн ондогон эсеге көп болушу мүмкүн деп ишенет. Мисал катары ал 2019-жылы 37 миллион сомду түзгөн акча алмаштыруучу жайлардан түшкөн салыктарды келтирди.

Ал ошондой эле акча алмаштыруучу жайга каттоодо кызматкер менен эмгек келишими түзүлбөй турганын белгилейт.

Депутат валюта алмаштыруучу жайларга лицензия, кызматкерлер менен түзүлгөн келишимдерди такай көзөмөлгө алууну, салык декларациясын текшерүүнү сунуштоодо. Мыйзам бузуулар болгон учурда акча алмаштыруучу жайларды жабуу керек.

"Акча алмаштыруучу жайларга кассалык аппараттарды киргизүү накталай акчанын көмүскө жүгүртүүсүнө каршы күрөшүүгө жана мындай валюта сатуу пункттарын көзөмөлгө алууга жардам берет", - деп айтылат билдирүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13132