ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Реал Мадрид клубуна өтөт
RU

ПСЖнын чабуулчусу Килиан Мбаппе Реал Мадрид клубуна өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ПСЖ клубунун 24 жаштагы чабуулчусу Килиан Мбаппе 2024-жылы келишим аяктагандан кийин париждик клубдан кетет. Анын Реал менен келишими даяр. Бул тууралуу франциялык Footmercato спорт басылмасы жазып чыкты.

Булактын айтымында, футболчу Парижде дагы бир жыл калганына кубанычта. Эгер ал 2024-жылга чейин калса, сентябрда аны 90 миллион евролук лоялдуулук бонусу күтөт.

Goal.com сайтынын маалыматы боюнча Мадрид клубу Мбаппе үчүн 9-номердеги футболканы сактап калат, бул номур менен ушул жайда Сауд Аравиянын Аль-Иттихадына кошулган дагы бир француз чабуулчусу Карим Бензема кийип, ойнойт. Королдук клуб Мбаппе үчүн 200 миллион евродон ашык төлөөгө даяр экени маалым болду.

Килиан Мбаппе ПСЖда 2017-жылдан бери ойноп келет. Бул убакыттын ичинде ал команданын курамында 260 беттеш өткөрүп, анда 212 гол киргизип, 98 ассист берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13134