Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында киши Куранды айрып, өрттөп жиберди
RU

Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында киши Куранды айрып, өрттөп жиберди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стокгольмдогу башкы мечиттин алдында бир адам Куранды тытып, өрттөп жибергенин Reuters агенттигинин маалыматына таянып Риа Новости жазды.

Маалыматта Курандын өрттөлүшүн эки жүзгө жакын адам көрүп турганы жазылган. Адегенде адам ыйык китептин барактарын жулуп алып, бут кийимин аарчып, анан ага бекон салып, өрттөп жиберген.

Чогулгандардын айрымдары "Аллах улук!" деп кыйкырышкан. Бул аракет Курандын өрттөлүшүнө каршы нааразылык билдирүү эле. Алардын бири Куранды өрттөгөн адамга таш ыргытмакчы болгондо полиция кармап кеткен.

Швециянын полициясы Курман айттын биринчи күнүндө Куран өрттөө нааразылык акциясына уруксат бергенин Франс Пресс билдирди. Швециянын премьер-министри Ульф Ялмар Кристерссон бул чечимди "мыйзамдуу, бирок орунсуз" деп атады.

Эске салсак, апрелде Стокгольмдун административдик соту полициянын Ирак менен Түркиянын элчиликтеринде ушундай эле иш-чара өткөрүүгө уруксат берүүдөн баш тартуусун негизсиз деп тапкан. Анда тыюу салууга негиз жетишсиз экени белгиленген.

2023-жылдын башында оңчул экстремисттик "Жесткий курс" партиясынын лидери Расмус Палудан түрк дипломатиялык миссиясынын алдында Куранды эл алдында өрттөп жиберип, эл аралык чатак чыгарган.

Саясатчы өз сөзүндө Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды сындап, Мухаммед Пайгамбардын карикатурасын да көрсөткөн. Андан кийин Анкара Швециянын НАТОго кирүү өтүнүчүн колдобой турганын жарыялаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13135