3 өспүрүм каза болгон кырсык: Айдоочу мас абалда болгону маалымдалды
RU

3 өспүрүм каза болгон кырсык: Айдоочу мас абалда болгону маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн районундагы Мраморное айылында катталган автокырсыктын видеосу интернетке тарады. Анда 3 жигит каза болуп, дагы үчөө жаракат алганы айтылды.

Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан Kaktus.kg сайтына окуя 26-июнда катталганын билдирди.

26-июнда саат 21:45 чамасында Мраморное айылындагы Бишкек ЭЭЗ жолунда Toyota Caldina унаасы кырсыкка кабылган. Анда айдоочу рульга ээ боло албай жолдун четиндеги тосмону сүзгөн. Каза болгондор жана жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталууда.

Кийинчерээк аталган башкармалыктан жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат беришти. Такталгандай, унааны 2003-жылы туулган А.У.А. башкарып бара жаткан.

"Айдоочу мас абалда болгон. Жол кырсыгынын кесепетинен 2009-жылы туулган Б.А.З., 2007-жылы туулган Н. уулу Н. жана 2006-жылы туулган С.З.Б. каза болгон. Андан тышкары 2006-жылы туулган И.Ш.Ж. жана И.А. жаракат алышып, Сокулук районун аймактык ооруканасына жеткирилген", - дешти маалымат кызматынан.

Учурда жол кырсыгы боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13144