Кыргызстанга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган чет элдик жаран камалды
RU

Кыргызстанга жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган чет элдик жаран камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чет элдик жаран жасалма паспорт менен Кыргызстандын аймагына кирүүгө аракет кылган. УКМКдан билдиришкендей, Кытай жараны "Манас" аэропортунан кармалды.

Белгилүү болгондой, аэропорттун көзөмөл-өткөрүү пунктунда жасалма паспорт менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылган Кытайдын жараны кармалды.

Бул факты боюнча "Мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү аракети" негизинде кылмыш иши козголуп, 29-июнунда Октябрь райондук сотунун чечими менен чет мамлекеттин жараны ушул жылдын 27-августуна чейин СИЗОго киргизилди.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары уланууда. Кытай жаранынын жасалма паспортун даярдоо ыкмасын аныктоо максатында зарыл болгон экспертизалар дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13160