2022-жылы дарыгерлер арасында кайсы адистиктер популярдуу болгон? Кызыктуу сандар
RU

2022-жылы дарыгерлер арасында кайсы адистиктер популярдуу болгон? Кызыктуу сандар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өлкөдө Медицина кызматкерлеринин күнү белгиленет. Бул күнгө карата Улуттук статистика комитети былтыркы жылга карата кызыктуу фактылар, цифралар менен бөлүштү.

2022-жылы калкка медициналык жардамды көрсөткөн:

  • 180 оорукана уюмдары:
  • 52 баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдар;
  • 2 медициналык тез (ыкчам) жардам көрсөтүү боюнча өз алдынча станциялар;
  • 1067 фельдшердик-акушердик пункттар.

Аймактык ооруканалардын жана үй-бүлөлүк медицина борборлорунун 17си иштеген, ал эми анын ичинде 151 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштеди.

2022-жылы калкка медициналык-санитардык жардамды 13 миңден ашык дарыгерлер жана 34 миңден ашык медайымдар көрсөтүшкөн. Республиканын 10 миң калкына 19 дарыгер жана 49 медайым туура келген.

2022-жылы дарыгерлердин арасындагы кеңири жайылган кесиптик адистер:

  • терапевт - 4 миң;
  • хирург - 2,1 миң;
  • стоматолог - 1,1 миң;
  • акушер-гинеколог - 1 миң;
  • педиатр - 900 дөн ашык адам.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13167