Кишинев аэропортундагы тажик жаранынын огунан эки киши каза болду
RU

Кишинев аэропортундагы тажик жаранынын огунан эки киши каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кишиневдун аэропортундагы ок атуудан эки адам каза болду. Бул тууралуу Молдованын Ички иштер министрлиги маалымдаганын эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Белгилүү болгондой, Кишиневдун аэропортундагы ок чыгарган адам Молдовага кирүүсүнө тыюу салынган тажик жараны болгон. Аны артка кайтаруу керек эле. Ал күтүү залына бара жатып, бир чек арачынынын тапанчасын ала калып башка бир чек арачыны жана аэропорттун бир кызматкерин атканга үлгүргөн.

Молдова өкмөтү жаран кармалганын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13176