Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен ажырашканын ачыктады
RU

Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен ажырашканын ачыктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Асел Кадырбекова жолдошу Нурлан Насип менен ажырашканын ачыктады. Бул тууралуу ырчы айым өзүнүн баракчасына жазып чыкты.

Ал баракчасында тойлордо эмнеге жалгыз жүргөнү, өз дарегине айтылган суроолорго жооп берген.

"Үй-бүлөнү бир эле аял сактай албайт. Ажырашкан аялдан сураңызчы дароо эле ушул чечимге келишиптирби? Баласы бар жүз жолу ойлонуп, жүз жолу өзүн-өзү

сооротуп, алдап, бүт амалдардарды көрөт. Аракети жокко чыкканда белди бууп, жаңы жашоого багыт алат. Адамдардын оюн өзгөртө албайт. Мен баскан жолду басыңыз. Ошондо түшүнөсүз. Бирөөнү жаман дегенден алысмын.

Ар бир адам бактылуу болсун!

Ой жүгүртүүбүз, жашоого көз карашыбыз бөлөк экен. Ошол үчүн жолубуз эки айрылыш жолго кетти", - деп жазган ырчы.

Белгилей кетсек, ырчы Асел Кадырбекова менен Нурлан Насип 2018-жылы баш кошушкан. Ортосунда Дария аттуу кызы бар

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13178