Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди
RU

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга иш сапары менен келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанга Малайзиянын тышкы иштер министри келди. Дипломаттын расмий иш сапары 2-3-июлга белгиленгенин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти

Маалыматта айтылгандай, Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди министр Жээнбек Кулубаев чакырган.

Иш сапардын алкагында Кыргызстан менен Малайзиянын тышкы иштер министерлерин сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен жолугушуулар пландаштырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13186