Белгилүү рэпер Ulukmanapo уулдуу болду
RU

Белгилүү рэпер Ulukmanapo уулдуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ulukmanapo деген каймана ат менен таанымал Улукман Осмоналиевдин жубайы көз жарды. Түгөйлөр уулдуу болгонун рэпер социалдык баракчасына жарыялады.

"Алла Таалага шүгүр, биринчи ирет ата болдум. Уулубуз үчүн жубайыма рахмат. Бардык куттуктоолорго рахмат!", - деп жазды ырчы.

Ulukmanapo жеке жашоосун жарнамалаганды жактырбайт. Ал Азалия аттуу кыз менен көп убакыт сүйлөшүп жүрүп баш кошкон. Аткаруучу "Азалия" ырын жубайына арнаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13187