Кинодогудай унааны айдап… Президент раллинин катышуучулары менен жолугушту
RU

Кинодогудай унааны айдап… Президент раллинин катышуучулары менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда жыйынтыкталып жаткан MadWay Rally эл аралык долбоорунун катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди.

Эл аралык ралли быйыл Кыргызстанда өтүп, 24-июнда башталган.

Анда катышуучулар унааларынын бекемдигин ар кайсы өлкөлөрдүн татаал участокторунда сынашат. Бардык унаалар пост-апокалиптикалык "Mad Max: Fury Road" ("Безумный Макс: Дорога ярости") боевик тасмасынын стилинде жасалган.

Мамлекет башчы унаалардын бирин тоолуу жолдордо өзү айдап көрүп, эл аралык долбоордун катышуучулары менен да баарлашты.

Негизинен ар кайсы өлкөлөрдүн ири ишкерлери болгон раллинин катышуучулары өз долбоорунун тарых-таржымалы, өлкөнүн тоолуу ашууларында автоунааларды сыноо учурундагы маршруттардын татаалдыгы тууралуу кыскача айтып беришти.

Мындан тышкары алар MadWay Rally долбоорунун миссиясы - жаңы маршруттарды ачуу жана жайылтуу менен гана чектелбестен, жарыш өтүүчү жерлерди кайра куруу жана калыбына келтирүүгө жигердүү салым кошуу экенин белгилешти. Мисалы быйыл алар Кыргызстан элине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, кароосуз калган Өрнөк-Кемин жолун тазалоого жардам беришкен.

Ошондой эле бүгүн Булан-Сөгөттү айылындагы ат майданда чет элдик эстрада жылдыздарынын катышуусу менен MadWay Fest кайрымдуулук музыкалык фестивалы өтөт.

MadWay Rally долбоорунун катышуучулары Кыргызстан тууралуу өз ой-пикирлери менен бөлүшүп, өлкөгө биринчи жолу келип, жаратылышынын кооздугуна суктанып жатышканын белгилешти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өлкө башчы быйыл ралли Кыргызстанда өтүп жатканына кубанганын билдирип, өлкө социалдык багыттагы мындай туристтик долбоорлорго ар дайым ачык экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргызстандын эли конокторду ар дайым кубаныч менен тосуп аларын жана аларды жылуу тосуп алууга даяр экенин баса белгиледи. Туристтердин Кыргызстанга болгон кызыгуусу чоң жана алардын саны жылдан жылга көбөйүүдө. Кыргызстандын жаратылышы дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтерди өзүнө тартып турат.

"Биз өлкөнүн конокторуна кыргыздын жогорку деңгээлдеги меймандостугу көрсөтүлүп, ар бир турист мекенине кайтып барганда өлкө тууралуу жакшы жана жагымдуу элес калышы үчүн жана алар сөзсүз түрдө Кыргызстанга саякатын кайталашы үчүн кам көрөбүз", - деди Садыр Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13189