"Ош" аэропорту штаттык режимде иштей баштады
RU

"Ош" аэропорту штаттык режимде иштей баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ош" эл аралык аэропорту саат 22:30дан штаттык режимде иштеп баштады.

Белгилесек, аэропорт техникалык себептерден улам 1-июлда убактылуу жабылган. Анда учактарды 19:00дөн саат 22:00гө чейин кабыл алуу жана жөнөтүү токтотулган.

"Манас" эл аралык аэропорту түзүлгөн кырдаалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу биз үчүн биринчи орунда турат", - дешкен мекемеден.

Буга чейин Бишкек-Ош аба каттамынын рейси токтотулганын социалдык тармактын колдонуучулары жазып чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13192