Дагы бир кыргызстандык кыз Күрөш боюнча дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду
RU

Дагы бир кыргызстандык кыз Күрөш боюнча дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мээрим Джуманазарова Сербиянын Белград шаарында өткөн Индивидуалдуу Күрөш боюнча дүйнө кубогунда алтын медалга татыктуу болду. Мелдештин расмий сайтына чыккан маалыматка ылайык, Мээрим 68 кг салмак категориясында беттешке чыккан. Анын каршылашы Чехиялык Адель Ханцликова болчу.

Беттештин экинчи бөлүгү чечүүчү болду: кыргызстандык спортчу 4:2 эсебинде алдыга чыккан. Андан кийин дагы төрт упай алып 8:2 эсеби менен жеңишке ээ болду.

Джуманазарова турнирге чейрек финалдан старт алган. Ал белорусиялык Ханна Садчанканы (4:1) , андан кийин чоң эмес артыкчылык менен украиналык Алина Бережна-Стадникти (6:6) жеңип чыкты.

Белгилей кетсек, Джуманазарованын алтын медалы Кыргызстандын курама командасынын капчыгындагы үчүнчү алтын медаль болду. Буга чейин Айсулуу Тыныбекова жана Жоломан Шаршенбеков кубоктун жеңүүчүлөрү атка конушкан.

Андан тышкары дагы бир кыргызстандык Айпери Медет кызы россиялык Екатерина Букина менен беттешип 11:8 эсеби менен коло медаль алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/131