Банктарга өлкөдөн сыртка доллар чыгарууга уруксат берилди
RU

Банктарга өлкөдөн сыртка доллар чыгарууга уруксат берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуттук банк 15-сентябрга чейин коммерциялык банктарга долларды сыртка накталай алып чыгууга уруксат берди. Тиешелүү токтом башкы банктын сайтында жарыяланды.

Эске салсак, банктарга, акча алмаштырган жайларга, микрокредиттик компанияларга долларды чет өлкөгө алып чыгууга чектөө былтыр март айында киргизилген болчу.

Коммерциялык банктар долларды сыртка алып чыгуу операциясын жүргүзгөндөн кийин эки жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка отчёт берүүгө милдеттүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13206