Жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды
RU

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илмм министрлиги маалымдайт.

2023-2024-окуу жылына Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу 17-июлда башталды.

Сынакка катышуу үчүн абитуриенттер өтүнмөлөрдү жана документтерди "Абитуриент онлайн" электрондук автоматташтырылган маалыматтык системасы https://2020.edu.gov.kg/vuz аркылуу тапшырат.

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу төрт этапта жүргүзүлөт.

ЖРТнын электрондук талону менен өтүнмө берүү:

  • I тур – 17-июль саат 8:00дөн 19-июль саат 14:00гө чейин;
  • II тур – 24-июль саат 8:00дөн 26-июль саат 14:00гө чейин;
  • III тур – 31-июль саат 8:00дөн 2-август саат 14:00гө чейин;
  • IV тур – 7-август саат 8:00дөн 9-август саат 14:00гө чейин.

Жогорку окуу жайларга онлайн режиминде кабыл алуу нускамасы:

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: theconversation.com.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13210