Кыргызстанда эки компания криптовалюта менен иштөөгө уруксат алды
RU

Кыргызстанда эки компания криптовалюта менен иштөөгө уруксат алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы криптобиржалардын иштөөсүнө лицензия жана уруксат берди.

Төмөнкү компаниялар лицензия алышкан:

  • "Биткор" ЖАК - виртуалдык активдерди (криптобиржа) сатуу боюнча;
  • Ticketnet ЖЧКсы - виртуалдык активдерди алмаштыруучу катары иштөө боюнча.

Муну менен Кыргызстанда дагы жаңы криптобиржа пайда болду.

"Биткор" компаниясы Юстиция министрлигинде 2023-жылдын апрель айында каттоодон өткөн. Жетекчиси Азамат Акылакунов.

Ticketnet компаниясы 2022-жылы каттоодон өтүп, аны Азамат Турусбеков жетектейт.

Кыргызстан постсоветтик мейкиндикте универсалдуу санариптик биржа катталган жана иштеген өлкөлөрдүн бири. Өлкөдөгү биринчи крипто алмашуу Envoys Vision Digital Exchange болгон.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13211