Эми унааны сатууда жана кайра каттоодо адамдын жубайынын уруксаты талап кылынат
RU

Эми унааны сатууда жана кайра каттоодо адамдын жубайынын уруксаты талап кылынат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-июлдан тарта жубайынын (аялынын/күйөөсүнүн) катышуусу жок унааларды кайра каттоого болбойт. Бул тууралуу "Унаа" мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

Нике учурунда алынган транспорт каражатын сатууда жубайлар биргелешип Ички иштер министрлигинин "Унаа" мамлекеттик мекемесинин аймактык бөлүмүнө же секторуна кайрылууга же жубайынын кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдугу жөнүндө нотариалдык күбөлөндүрүлгөн арызды берүүгө милдеттүү.

Жубайлар кандай гана болбосун биргелешип алынган кыймылдуу мүлктү тескөөгө макулдугу жөнүндө арыз бериши керек болот. Макулдук убактылуу же туруктуу болушу мүмкүн.

Биргелешип алынган кыймылдуу мүлктү кайра каттоо үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Визуалдык текшерүү жана фиксация үчүн унааны камсыз кылуу;
  • Артыкчылык иретинде адиске кайрылуу керектелет;
  • Нике күбөлүгүн тапшыруу зарыл;
  • Жубайы (аялы же күйөөсү) кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук берүү үчүн арыз толтурат жана сүрөт фиксациядан өтүшү керек болот;
  • Унаанын кайра каттоо процессин аяктоо керек.

Жубайлардын бири "Унаа" мекемесинин бөлүм/секторуна келе албаган учурда транспорт каражатын ажыратууда нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн кыймылдуу мүлктү ажыратууга макулдук кагазын берүү керек.

Транспорт каражатын сатууда нике тууралуу маалымат жок болгон учурда сатуучу никеде эмес деген милдеттенмени толтурат.

Ошону менен бирге, эгерде ээликтен ажыратылган кыймылдуу мүлк никеге турганга чейин алынган болсо анда жубайынын макулдугу талап кылынбайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13213