Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды
RU

Акылбек Жапаров таза сууга эсептегичтерди коюуну тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-июлда Бишкектеги жана Чүйдүн Аламүдүн районундагы "Орто-Алыш", "Башкара-Суу" жер астындагы суу алгычтары менен жеринде таанышты.

Маалым болгондой, Жапаров анда таза суу таңкыстыгын комплекстүү чечүүнү тапшырып, кошумча сууканаларды курууга каражат бөлүнүп берилерин билдирди.

Жапаров ошондой эле суу үчүн эсептегичтерди орнотуу тапшырмасын берди.

Ал таза сууну сугатка пайдалангандар үчүн айып пулдун көлөмүн кайра карап чыгуу керектигин билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле суу таңкыстыгына кабылган Орок жана Селекция конушунун тургундары менен жолукту. Ал тиешелүү кызматтарга аталган айылдардын суу маселесин чечүүгө бир апта мөөнөт берди.

Өткөн айдан тартып Бишкектеги Арча-Бешик, Ынтымак, ТЭЦ-2, Селекция, Орок, Ак-Ордо жана Ала-Тоо конуштарында таза суу таңкыстыгы жаралган.

Мэриянын маалыматына караганда, Бишкекти таза суу менен "Орто-Алыш" жана "Ала-Арча" жер астындагы суу алгычы камсыздайт. Анын 40% ашыгы "Орто-Алыш" суу алгычынан келет. Аталган суу алгычта жер астындагы суунун деңгээли 15 метрден 20 метрге чейин төмөндөгөн. Мындан сырткары быйыл мөңгүлөр жай эриген.

Акыркы айда таза суунун таңсыктыгы дагы да курчуду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13214