Таанылгыс арык Саакашвили Тбилиси сотунда. Сүрөт
RU

Таанылгыс арык Саакашвили Тбилиси сотунда. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвилинин Тбилиси сотунан тартылган кадрлары пайда болду. Ал аралыктан соттук угууга катышты. Сүрөттөрдө ал таанылгыс болуп арыктаган.

"Михаил Саакашвили бир нече айдан бери биринчи жолу сотко катышууга аракет кылып жатат", - деп жазат жергиликтүү "Мтавари Архи" басылмасы.

Учурда Грузияда 2007-жылдагы митингди таратуу боюнча иш каралууда.

Михаил Саакашвили 2022-жылы 1-октябрда өлкөдө мамлекеттик төңкөрүштү уюштурган деген айып менен кармалган. Абакта анын абалы начарлай баштаган. Дарыгерлер экс-президенттен анорексия, дене табынын көтөрүлүшү жана булчуңдардын спазмы сыяктуу 20дан ашык ооруну аныкташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13216