Бишкекте курулушчу каза тапкан. Жеке ишкерге айып салынды
RU

Бишкекте курулушчу каза тапкан. Жеке ишкерге айып салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Аалам Строй КК" ЖЧКсына караштуу "Кара-Жыгач" курулуш объектисинде бир жумушчу каза болду. Бул тууралуу Эмгек министрлигинин Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынан билдиришти.

Окуянын жагдайлары айтылган эмес, болгону күтүлбөгөн кырсык деп белгиленген.

"Бул факты боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын жыйынтыгында жеке ишкер Э.К.Курманбеков тарабынан мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин 87-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык ага 23 миң сом айып салынган", - деп айтылат маалыматта.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: amiel.club.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13217