Садыр Жапаров ШКУнун саммитине онлайн форматта катышат
RU

Садыр Жапаров ШКУнун саммитине онлайн форматта катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 4-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги 23-саммитинин ишине катышат. Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, Индиянын төрагалыгы алдында өтө турган саммит видеоконференц-байланыш форматында болот.

Ага Кыргызстан, Индия, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандын башчылары, ошондой эле Иран Ислам Республикасынын, Беларустун, Монголиянын башчылары катышат.

Мындан тышкары иш-чарага алты эл аралык жана регионалдык уюмдардын жетекчилери катышат: БУУ, Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), КМШ, Жамааттык коопсуздук жөнүндө Келишим Уюму (ЖККУ), Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) жана Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелер (СВМД).

Саммитте Иран Ислам Республикасы ШКУга толук кандуу мүчө мамлекет макамын алары белгиленет.

Ошондой эле:

  • Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин Нью-Дели декларациясына кол коюлат;
  • терроризмге, сепаратизмге жана экстремизмге алып баруучу радикалдашууга каршы аракеттенүү жөнүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин билдирүүсү;
  • 2030-жылга чейинки мезгилге ШКУну экономикалык өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө чечим;
  • ШКУга мүчө мамлекеттердин транспортту декарбонизациялоо, жогорку натыйжалуулукка жана туруктуулукка жетишүү үчүн санариптик трансформацияны жана инновациялык технологияларды илгерилетүү боюнча кызматташуу концепциясын бекитүү жөнүндө, ошондой эле бир катар башка документтер кабыл алынат.

Эскерте кетсек, ШКУнун 22-саммити 2022-жылдын сентябрь айында Өзбекстанда өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13218