Президенттик стипендияны алууга документтерди тапшыруунун мөөнөтү узартылды
RU

Президенттик стипендияны алууга документтерди тапшыруунун мөөнөтү узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Билим берүү жана илим министрлиги президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясына кабыл алуу узартылгандыгын маалымдайт.

Документтерди онлайн кабыл алуу 2023-жылдын 1-июлунан 10-июлуна чейин жүргүзүлөт. Андан тышкары документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-кабинетке тапшыруу керек.

"Эл үмүтү" стипендиясынын максаты - Кыргыз Республикасынын таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында, билим берүү программаларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

"Эл үмүтү" стипендиясына каражат жыл сайын президенттин фондунан бөлүнүп, республикалык комиссия тарабынан конкурстук тандоодон өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат.

"Эл үмүтү" стипендиясы 50 адамга бөлүнөт, алардын ичинен:

  • 20 стипендия - техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого; 10 стипендия - экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого;
  • 10 стипендия- социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого;
  • 10 стипендия - философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн.

"Эл үмүтү" стипендиясына талапкерлерге коюлган талаптар:

  • "Эл үмүтү" стипендиясына конкурска катышуу үчүн магистрларды даярдоо багыттары боюнча 40 жашка чейинки, PhD философиясынын доктору программалары боюнча окутуу үчүн 45 жашка чейинки курактагы Кыргыз Республикасынын жарандарына уруксат берилет.
  • Стипендия магистрлерди даярдоо багыттары боюнча 2 жылга чейинки мөөнөткө жана философия доктору PhD программалары боюнча 3 жылга чейин окутуу үчүн ыйгарылат, бирок чет өлкөлүк окуу жайдын окуу планында каралган мөөнөттөн ашпоого тийиш.

Талапкерлер төмөнкү талаптарга ылайык келиши керек:

  • кабыл алуучу тараптын тиешелүү тесттерин жана экзамендерин тапшыргандыгы жөнүндө сертификаттар же башка документтер менен тастыкталган чет тилдердин бирин (англис, немис, француз ж.б.) эркин билүү;
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор жана башкалар менен тастыкталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу;
  • стипендия ыйгарылганга чейинки эки жылдын ичинде илимий-изилдөө ишинин натыйжаларын ачык билдирүү, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги башка иш-чараларда баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө;
  • Кыргыз Республикасынын окуу жайынын профессордук-окутуучулук курамынын сунуштамасы да талап кылынат.

Конкурска катышуу үчүн керек болгон документтер:

  • ыйгарым укуктуу орган бекиткен форма боюнча эл аралык стипендияны ыйгаруу конкурсуна катышуу үчүн талапкердин толтурулган анкетасы;
  • паспорт/инсандын күбөлүгү;
  • транскриптти тиркөө менен бакалавр/адис/магистр диплому;
  • программаны, адистикти, окуу мезгилин көрсөтүү менен мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен академиялык окууга кабыл алынгандыгын ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
  • чет өлкөлүк жогорку окуу жай тарабынан берилген жетишкендиктер жөнүндө расмий документ/адистигин, курсун (окуу жылын), ошол окуу жайда пайдаланылган баалоо системасы жөнүндө маалыматты, ошондой эле чет өлкөнүн алдынкы жогорку окуу жайларында академиялык окууда окуп жаткан адамдар үчүн мамлекеттик же расмий тилге нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормолору менен ошол окуу жайда учурдагы жетишкендиктин орточо баллын көрсөткөн белгиленген үлгүдөгү маалымкат;
  • жарыялоолор, автордук күбөлүктөр, баяндамалардын тезистери, дипломдор ж.б. менен ырасталган илимий-изилдөө иштерине активдүү жана натыйжалуу катышуу жөнүндө маалыматтар;
  • эл аралык стипендияны ыйгарганга чейин эки жыл ичинде башка коомдук сунуштар жөнүндө, илимий-изилдөө иштеринин натыйжалары жөнүндө маалыматтар, анын ичинде эл аралык, республикалык же ведомстволук конференцияда, семинарда, тиешелүү деңгээлдеги тегерек столдо баяндама (билдирүү) менен чыгып сүйлөө аркылуу.

Документтер топтому https://edu.gov.kg/announcements/102/ шилтемесиндеги формага тиркелет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13225