Виза берем деп 100 кыргызстандыкты алдап кеткен компаниянын директору кармалды
RU

Виза берем деп 100 кыргызстандыкты алдап кеткен компаниянын директору кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан "Нелегал-Трафик" аталышында рейд өткөрүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен республикада миграция мыйзамын бузган жалпы 425 факты аныкталды дешет ИИМдин басма сөз кызматынан.

  • Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузган 14 факты;
  • Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды чакырган же кабыл алган адамдар тарабынан алардын өлкө ичинде жүрүүсүнүн белгиленген тартибин бузган 160 факты;
  • Чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасында белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишмердигин жүзөгө ашыруу же транзиттик эрежелерин бузган 210 факты;
  • Чек арадагы эмгектенген мигранттардын Кыргыз Республикасында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү эрежелерин бузган 41 факты.

Кыргыз Республикасынын миграциялык мыйзамын бузуулар үчүн салынган айып пулдун жалпы суммасы 2546000 сомдон ашат.

Андан сырткары "Нелегал-Трафик" рейдинин жүрүшүндө эл аралык издөөдө жүргөн 1 адам кармалып, экстремизмге каршы аракеттенүү багыты боюнча кылмыштын 13 фактысы, мыйзамсыз миграцияны уюштурган 104 факты, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөн 5 факты аныкталып, 4 ок атуучу курал алынган.

Рейддин жүрүшүндө ачылган айрым кылмыш иштери:

  • Германияга виза берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, Кыргыз Республикасынын 100 жаранынын акча каражаттарын тартып алган компаниянын директору кармалган. Бул фактылар боюнча 209-беренесинин (Алдамчылык) жана 168-беренесинин (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) негизинде кылмыш иши козголгон.
  • Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз миграция каналын уюштурган Пакистандын жарандарынын кылмыштуу аракеттерине бөгөт коюлду. Пакистандык эки жаран материалдык пайда табууну көздөшүп, 2022-жылдын июлунан ушул күнгө чейин өздөрүнүн жасалма фирмаларын пайдаланып, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жалган маалыматтарды берүү менен кызмат көрсөтүп келишкен. Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Мыйзамсыз миграцияны, мигранттарды мыйзамсыз алып келүүнү (алып чыгууну) уюштуруу) менен кылмыш иши козголду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13241