Каржы министрлиги: Жогорку Кеңештин жарым жылдык чыгымы 571 млн сомду түздү
RU

Каржы министрлиги: Жогорку Кеңештин жарым жылдык чыгымы 571 млн сомду түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңешти тейлөөгө январь-июнь айларына республикалык бюджеттен 571 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Каржы министрлиги маалымдады.

398 миллион 526 миң сом маянага коротулган.

Калган каражаттар:

  • Соцфондго төлөмдөр - 53 миллион 933 миң сом;
  • Иш сапарлар - 15 миллион 540 миң;
  • Байланыш кызматтарын колдонгону үчүн - 2 миллион 303 миң сом;
  • Автоунааларды жана жабдууларды тейлөөгө - 21 миллион 339 миң сом;
  • Имарат жана курулмалар үчүн - 19 миллион 147 миң сом;
  • Товарлар жана кызмат көрсөтүүлөрдү алуу - 57 миллион 257 миң сом;
  • Чарбалык максатта сатып алынган буюм-тайымдар - 3 миллион 144 миң сом;
  • Транспорттук чыгымдар - 70,5 миң сом;
  • Коммуналдык кызматтарга - 353 миң сом.

Ошондой эле ЖК төрагасынын резервдик фондуна 12 миллион 618 миң сом берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13247