Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды
RU

Баткенде чек ара боюнча кыргыз-тажик жумушчу топторунун жолугушуусу башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 4-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев kaktus.kg редакциясына маалымдады.

Анын айтымында, эки тараптуу жолугушуу 9-июлга чейин созулат.

"Сүйлөшүүлөр кандайдыр бир деңгээлге жетип же мынча пайыз жер такталып калды деп айтууга болбойт. Бул бир күндө сүйлөшүп чечилчү маселе эмес. 9-июлда сүйлөшүүлөр аяктайт. Анын жыйынтыгы менен маалымат беребиз", - деди Назирбек Бөрүбаев.

Эске салсак, эки өлкөнүн жумушчу топтору акыркы жолу 5-11-июнь күндөрү Дүйшөмбү шаарында жолугушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13248