Жалал-Абадда соода борбордун алдындагы мушташтын 4 катышуучусу табылды
RU

Жалал-Абадда соода борбордун алдындагы мушташтын 4 катышуучусу табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда супермаркеттин алдындагы ызы-чуунун айрым катышуучулары кармалды. Учурда жаңжалдын башка катышуучуларын аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын облустук милициядан кабарлашты.

Массалык мушташ тууралуу билдирүү милициянын нөөмөт бөлүмүнө 2-июлда саат 20:20 чамасында түшкөн. Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, текшерүү иштери башталган.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында окуяга катыштыгы бар Жалал-Абад шаарынын 21 жаштагы 4 тургуну кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилди. Учурда окуянын калган катышуучуларын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташ ич ара пикир келишпестиктен улам келип чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13252