Жыл башынан бери 60тан ашык бала сууга чөгүп каза болду
RU

Жыл башынан бери 60тан ашык бала сууга чөгүп каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жарым жыл аралыгында 60тан ашык бала көл жана суу сактагычтарга чөгүп каза болду. Мындай статистиканы Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

Мындан улам жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору тарабынан массалык рейддер жүргүзүлүп, балдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле инспекторлор суудагы коопсуздук эрежелерине токтолушту.

Бардык аймактагы укук коргоо органдарынын өкүлдөрү көлмөлөрдөгү коопсуздук чаралары, спирт ичимдиктерин ичүүгө жол бербөө, эс алуу жайларында тазалыкты жана тартипти сактоо, өз буюмдарын кароосуз калтырбоо жөнүндө профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Милиция кызматкерлери ата-энелерге балдарды кароосуз калтырбоону эскертип, чоң кишилердин катышуусунда гана сууга түшүүсүнө уруксат берүү керектигин айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13253