Дайырбек Орунбеков Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медианын орду тууралуу айтты
RU

Дайырбек Орунбеков Кыргызстандагы сөз эркиндиги, медианын орду тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро менен жолугушту. Анда Кыргызстандын медиа тармагында болуп жаткан акыркы өзгөрүүлөр туурасында пикир алмашуу болду дешет администрациядан.

ЕККУ өкүлү Кыргыз Республикасынын "ЖМК жөнүндө" мыйзам долбоору менен учурда таанышып жатканын жана анын жыйынтыгында өздөрүнүн сунуштарын бере турганын билдирди.

Ал эми Дайырбек Орунбеков "ЖМК жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү учурдун талабы экенин, маалымат таркатуу принциптери жана медиа ресурстардын өзгөргөнүн, мыйзамдагы өзгөрүүлөр улуттук кызыкчылыктарды эске аларын белгиледи.

"Мыйзам долбоору беш жолу толукталды, жумушчу топ түзүлүп, анын басымдуу бөлүгүн медиа өкүлдөрү түздү. Алардын сунуштары дагы эске алынды. Бул Кыргызстанда сөз эркиндиги, медиа өкүлдөрүнүн орду жогору экенинен кабар берет", - деди Орунбеков.

Ошондой эле мыйзам долбоору мааалымат жүргүзүүдө мамлекеттин коопсуздугуна, улуттун моралдык принциптерине коркунуч жарата турган жагдайларга жол берилбеши керектиги эске алынганын кошумчалады.

Тараптар жаңы мыйзам долбоору жыйынтыгында медиа чөйрөнүн бардык катышуучуларына ыңгайлуу документ болуп каларына ишенимдерин билдиришти.

2022-жылдын күз айларында "Жалпыга маалымдоо каражаты" жөнүндө жаңы мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда медиа уюмдар бийлик алардын пикирин эске албай иштеп чыкканы үчүн бул долбоор сөз эркиндигине балта чабарын айтышкан. Мындан улам президент Садыр Жапаров мыйзамды "жеткире иштеп чыгуу үчүн" деген негиз менен жумушчу тобун түзгөн. Топтун курамына киргендердин 15и медиа тармагынан, калгандары бийликтин өкүлдөрү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13255