Бийлик электриктерге жаңы 29 техника сатып алды
RU

Бийлик электриктерге жаңы 29 техника сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Бул туурасында Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровдун айтымында, акыркы жылдары энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

"Жабдуулар, линиялар, баары эскирди, жогорку чыңалууларга чыдабай жаткандыгы белгилүү. Президент бул маселени чечүү үчүн электриктерге иштегенге шарт түзүү милдетин алдыңкы планга койгон. Акыркы эки жылда биз энергетикада бир топ жаңыланууларга бардык. Кыргызстан жаңы техникаларды өзүнүн каражатына сатып алып жатат, бир сом дагы кредиттик каражат жок", - деп айтылат маалыматта.

Акылбек Жапаров быйыл жалпысынан 359 миллион сомго 76 техника сатып алынарын белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13257